БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Австриялык Vamed Group компаниясынын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугуп, Бишкектеги шаардык №1 ооруканага 450 кишиге ылайыкталган жаңы стационардык корпус куруу боюнча пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстан медицина жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кызматташууга даяр. Министрлик өлкөнүн медицинасын жакшыртууга багытталган бардык аракеттерди колдойт", — деген пикирин Батыралиев айткан.
"Кийинки жолугушуу мартта инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин өкүлдөрү менен чогуу болот", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Масалиевдин айтымында, компания мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча оорукана куруу жана башкаруу менен гана алектенет. Vamed Group Түркмөнстанда 18 жылдан берип иштеп келет. Ошондой эле Казакстанда дагы бир катар долбоорлору бар.