БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтеринде болгон авариялар будамайланып калды. Бул туурасында ТЭЦтин башкы инженер-энергетиги Николай Кравцов аталган жайда болгон авариянын себебин териштирүү боюнча ведомстволор аралык жыйында айтты.
Анын айтымында, 2012-жылы аны авариянын себебин териштирүү максатында Күрп-Сай ГЭСине чакырышкан. Электр өткөрүүчү зымдардын жанына байланыш чубалгысын кошо тарткандыктан күйүп кеткендиги айтылган. Кравцов аткаминерлер ал көйгөйдү чечпей, атургай унутуп коюшту деп кошумчалады. Анын айтымында, буга окшогон жагдай Токтогул ГЭСинде да болгон.
"2014-жылы Токтогул ГЭСи оңдоп-түздөлгөндөн кийин трансформатор сынып калып, биз текшерүү жүргүзсөк ал ишти да будамайлашты. Эки жыл өткөндөн кийин чубалгыга байланышкан эки авария болуп, жоготууларды кошуп эсептегенде кубаттуулук нөлгө түшүп калган. Иштетиш үчүн башка подстанцияны ишке киргизүүгө туура келди. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбой калса кантмек элек? Генератор жүктөп келмек белек? Уят. Бул туурасында Айбек Калиевге (Улуттук электр холдингдин жетекчиси — Ред.) айтсам, эч нерсе кылган жок", — деди Кравцов.
Эске сала кетсек, 26-январь күнү ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Авариянын кесепетин жоюуда кызматкерлердин чаржайыт аракети, жабдуу үчүн топтолгон суунун аздыгы, күз-кыш мезгилине карата имараттар менен курулуштун даяр эместиги жана 3-блокту ишке киргизүүнү кечеңдетүү себеп болгон.