БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Тумандан улам "Манас" эл аралык аэропортундагы бир катар каттамдар токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Коюу туман эртең мененки саат 5:00дөн тарта түшкөн.
"Бир нече учак кошумча аэродромго конду. Москвадан учуп келген "Урал аба жолдорунун" учагы "Ош" аэропортуна конду. Дубай (Fly Dubai) менен Стамбулдан (Pegasus) келген учактар Алматыга конду. Жергиликтүү эки рейс токтотулду", — деп айтылат маалыматта.
Андан башка дагы бир нече каттамдар токтотулган.
Каттамдар тууралуу маалыматты "Манас" аэропортунун сурап-билүүчү 0 (312) 693109 номеринен тактоого болот.