ОШ, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы "Дени сак эл" дарыгерлер уюму түштүк аймакта жашаган 15 миң жаранды акысыз дарылады. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Максатбек Жумабаев билдирди.
Анын айтымында, уюмдун дарыгерлери Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы тоолуу аймактардын, анын ичинде дарыгер, адистер жетишпеген айылдарды кыдырып чыгышкан.
"22 адис бейтаптарды кабыл алып, жеринде дарылап жатат. Дарыгерлер өз каражаттарына дары-дармек сатып алып, медициналык жардамга муктаждарга беришкен. Айрым оорусу күч алып кеткендерди ооруканага алып келишүүдө. Он чакты адамга дарыгерлердин каражатына операция жасалды. Мындан сырткары, Ош, Кочкор-Ата шаарларындагы карылар үйлөрүндө жашагандарга тиш салып беришти", — деди Жумабаев.
"Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясы 2017-жылы негизделип, анда түштүк аймагындагы ооруканаларда иштеген дарыгерлер өз каалоосу менен бейтаптарга медициналык жардам көрсөтөт.
Ал эми бейтапка алгачкы жардамды көрсөткөн "Тез жардам" кызматкерлеринин бир күндүк жумушуна кызыгып көрдүңүз беле?