Бала тирүү экен, кайра бергиле! "Тез жардам" фельдшеринин бир күнү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ис уруп көз жумган киши тирүү адамдай кызгылт түс алат дейт фельдшер Лариса Подрыга. Бишкектеги 35 жылдык ишмердигинде ал эмнени гана көрбөдү... Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асель Минбаева Тез жардам унаасы менен шаар аралай адаттан суук кыш чилдесинде адамдар кантип сакталарына күбө болуп кайтты.

— Болбой калды… Караңыз, кызыңыздын денесинде өлүк тактары пайда боло баштады… Документтери барбы?

— Документтери бар. Паспорту бар анын. Өзү гана жок. Жалгыз кызым…

Үйдө чуу чыгып, аялдар ызылдай башташты. Көрсө, 45 жашар бейтап көптөн бери төшөктө экен, анын нерв системасы жабыркап, айыгаарына үмүт калбаптыр. Маркумду шейшеп менен жаап коюшту.

"Бүгүн эле курмандык чалып, койдун этин элге таратууну өтүнгөн. Этти жеткире башташканда ал үзүлдү", — дейт энеси.

Селсаяктарды эшикке кубалап чыгабыз: кышында адамдарды кантип куткарышат?

Дагы бир жолу көңүл айтып, муздак "Тез жардам" унаасына кайттык. Реанимациялык бригаданын фельдшери Лариса Подрыга үй-жайсыздар кышкысын алардын анык бир көйгөйүнө айланарын айтат.

"Бир нече жыл мурун кыш өтө суук болгон. Ошол кышта үй-жайсыздар көп өлдү. Азыр го алардын телефондору бар, кайсы жерде түнөк бар экендигин так билишет", — деди ал.

© Sputnik / Асель Минбаева"Тез жардам" кызматынын реанимациялык бригадасы. Оор учурларга дал ушул бригада жөнөтүлөт
Реанимационная бригада скорой помощи Бишкека - Sputnik Кыргызстан
"Тез жардам" кызматынын реанимациялык бригадасы. Оор учурларга дал ушул бригада жөнөтүлөт

Албетте, башпаана жайларга баарын кабыл ала беришпейт. Орун жетишсиз, киши каардуу аязда таң атыра турган болсо да түнөк жайлардын жетекчилери жаңы кишилерди кабыл алуудан так кесе баш тартышат. Ушул себептен дарыгерлер милицияга кайрылууга мажбур.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балага зар болдум... Эркектерди тукумсуздукка жеткирген 7 оору
"25 жашар бир жигит кайрылган бизге. Жакшы мектепти бүтүрүптүр, апасы кайсы бир кезде жетекчилик кызматтарды да аркалаган экен. Кийин ал үйүнөн кетип, көчөдө калат. Баш калкалоочу жайга алпардык. Башка бейтаптарды карап жатканыбызда жанагы жигитти кубалап салышыптыр. Кайра аны милиция кызматкери менен биргеликте жеткирүүгө туура келди", — деп бөлүштү фельдшер айым.

35 жылдан бери "Тез жардамда" иштеген Лариса Александровна селсаяктардын ар кыл тагдырына күбө болду. Көз боемочулардын курмандыгы болуп, көп адамдар батирлерин алдырып жиберишкен. Бишкектин көчөлөрүнөн жогорку билимдүү эле үй-жайсыз адамды көп кезиктиресиң.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаш пааналоочу жайлар селсаяктарды дароо эле алып жиберишпейт. Кээде дарыгерлер милицияга кайрылууга аргасыз болушат
Благотворительный дом Коломто  - Sputnik Кыргызстан
Баш пааналоочу жайлар селсаяктарды дароо эле алып жиберишпейт. Кээде дарыгерлер милицияга кайрылууга аргасыз болушат

"Бир жолу "Ош" базарындагы жылуулук түтүктөрү өткөн жер төлөгө чакырылдык. Ал жакта үй-жайсыз адамдардын арасында жапжаш кыз бар экен. Аны көрүп, текшерип чыктык, көзүбүз көнүгүп калган да: ич-кийими таптаза, көчөдө күн кечирген кейпи жок! Тактап сүрүштүрдүк, көрсө, ал кыз айылдан келип, адашып кетиптир. Туугандары турган көчөнүн аты гана билет экен. Акыры туугандарына жеткирип, жакындарынын колуна тапшырдык", — деди доктур.

Дагы бир шашылыш чакырык! Аял эс-учунан танып, аны өзүнө келтире албай жатышыптыр…

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Бишкектиктер өз үйлөрүндө жан беришет

Эшик ачылганда эле ууктурган жыт урду — бул газдын жыты! Бизди катуу чочуганы көздөрүнөн байкалган аял утурлай чыкты: "Апамдын кан басымы көтөрүлүп кетти, эсине келбей жатат". Врач-реаниматолог Гүлмира Курамшина: "терезени ачкыла, газ чыгып жатат. Чоң энени сыртка чыгарыш керек. Тезирээк!" — деп кыйкырды.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаДоктурлар "Тез жардам" унаасын айдоочулар өткөрбөй койгонуна нааразы. Ушундан улам бейтаптарга кечигип барарын айтышат
Бишкекское отделение скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Доктурлар "Тез жардам" унаасын айдоочулар өткөрбөй койгонуна нааразы. Ушундан улам бейтаптарга кечигип барарын айтышат

Коркконунан доктурдун сөзүн дароо аңдай албаган аял башын чайкай: "жок, жок, биз эч нерсе болгон жокпуз го. Бул болгону кан басымдын көтөрүлгөнү". Чоң энени "Тез жардам" машинесине киргизип, дарыгерлер аны айланчыктап калышты.

Работа городской клинической больницы № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги
Сатурация! Кычкылтек! Кант! Врачтардын ар бир аракети кынтыксыз иретке салынган. Алар кийимдин алдынан дененин табы менен жылытылган батарея жана дарыларды алып чыгып жатышат. Он беш мүнөттөн кийин 65 жаштагы жанагы чоң эне эсине келди.

Көрсө, алар жакында эле газ менен иштей турган казан орнотушкан экен. Бир жеринен мандем чыкса керек… Ал аял ооруканага жатуудан баш тартып, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, курбусунукуна түнөөгө кетти.

Доктурлардын айтымында, кышында ис ургандар — көнүмүш ишке айланат. Алардын көпчүлүгү – түштүк аймактардан келип, шашып-бушуп эле кичинекей темир меш коюп алгандар. Мындай меш айрыкча жаңы конуштарда кеңири колдонулат.

"Аларды да пайдалануунун ыгын билиш керек. Билбестиктен адамдар ис уруп каза табышат. Мындай кырсыктан бир жолу бүтүндөй үй-бүлө эки баласы менен дүйнөдөн кете беришти. Ис ургандар кызгылт түстө болуп, тирүүдөй сезилет. Маркумдун карындашы келип бизден: "Баланы бергиле, ал тирүү!" деп жатпайбы. Өлүк кийинчерээк көгүш түс алат", — деп ой бөлүштү Подрыга.

Көрсө, ушундай кырсык тооруганда көбүрөөк кыймылдаган кишини ис тез урат экен. Өлүм мемирете билинбей алып кете берет.

Дары-дармекти өз денебиз менен жылытабыз

Көп жол жүрдүк, унаанын ичи дагы деле жылый элек. Дем алсак, буу чыгат. Негизи меши бар, бирок дарыгерлер аны жандырбоого аракеттенишет. Себеби жылуулуктан да салондо иштей турган унаанын экинчи аккумулятору өчүп калбашы маанилүү.

Андай учурда "Тез жардамда" жарык өчөт, врачтар ийнени да телефондордун жарыгында саюуга аргасыз болушат.

© Sputnik / Асель МинбаеваФольга — жылытуу үчүн сонун каражат. Термос сыяктуу катуу үшүп калган бейтаптарды ороп коюшат
Фольга для согревания замерзших пациентов - Sputnik Кыргызстан
Фольга — жылытуу үчүн сонун каражат. Термос сыяктуу катуу үшүп калган бейтаптарды ороп коюшат

Шаймандардын батареяларын жана дарылардын бөтөлкөлөрүн дене табы менен жылытыш үчүн врачтар кийимдеринин ичинде салып жүрүшөрүн айтат Лариса Подрыга.

"Өткөндө эле автокырсык болгон жерге чакырышты: кичи автобус жеңил унаа менен кагышкан экен. Айдоочу жигиттин сан жилиги сыныптыр. Ага катетер такканыбызда эле система тоңуп калды. Мындай суукта система тез эле тоңо түшөт. Бат эле алмаштырдык, себеби муздак эритиндини куюуга болбойт, жүрөк токтоп калышы ыктымал", — деп түшүндүрдү врач.

Фельдшер кат-кат кийимин көрсөттү. Байпак, шымбайпак (колготки — ред.), гамаш, шым. Ага карабай баары бир үшүшөт. Көрсө, немис унаалары кыргызстандык дарыгерлерге караганда назик келип, өтө суукка туруштук бере алышпайт экен.

"Тынымсыз шаар аралап жүрөбүз. Түштөнүүгө 20 мүнөт берилет. Көнүп калыптырмын, мейманга барганда да тамакты тез эңле жеп алам. Ал эми унаалар биздин ыргакты көтөрө албай, бузулуп калышат", — деди дарыгер.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Создуктурбастан "Тез жардам" чакырууга 14 себеп
Мени машинеден түшүрүшкөндө үшүгөнүмдөн буттарым шилтенбей калды. "Тез жардам" андан ары түнкү Бишкекти аралай узады. Алардын жардамы менен бүгүн дагы бирөө аман калат.

P.S. Шаардык тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Оксана Суглобованын айтымында, аяздын азабынан 38 автомашинанын 10у ишке чыга албай калды. Ал эми медиктер, оорусу да, сыркоосу да бейтаптарга пландалган боюнча көмөк көрсөтүп жатышат.

Көңүл оорлошо түшөт бекен? Кыргызстан боюнча саякат багытын тандап, жеңилдеп алыңыз. Эскертүү: бул өтө эле жайкы макала!

Жаңылыктар түрмөгү
0