Лондон шаарында асмандан түшкөн муздун сыныгы адам өмүрүн ала жаздады. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазып чыкты.
Окуя видеокамерага түшүп калган. Анда Сергей Мешков аттуу адам көчө тазалап жүргөнү, ошол маалда асмандан чоң көлөмдөгү оор муз түшүп, андан соң жерге чачырап кеткендиги тартылган.
Окуяга күбө болгон Мешковдун божомолунда, муздун сыныгы асманда кетип бараткан учактан түшкөн.
"Бардыгы көз ачып-жумганча болуп кетти. Менимче бир ажалдан аман калдым окшойт", — деп журналистерге билдирген.
The Independent басылмасы кырсык болгон аймакта бир нече учак каттай тургандыгын, алардан муздун бөлүктөрү түшүшү мүмкүн экендигин жазган. Бирок бул окуя кандайдыр бир метеорологиялык кубулуштар менен байланышы мүмкүн экендигин да четке каккан эмес.