00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

MegaCom операторуна кызыккан "АКА Инвест" оюнан кайттыбы

© Sputnik / Табылды КадырбековСариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение
Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кен тармагынан заматта байланыш сферасына секирген "АКА Инвест" коомчулуктун сынына кабылган

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" ЖЧКсын сатып алууга сунушун берген "АКА Инвест" компаниясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна компанияны сатып алууга даяр экенин билдирип расмий түрдө кайрыла элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган ведомствонун жетекчисинин орун басары Адилет Бекбоев билдирди.

MegaCom компаниясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясын сатып алам деген ишкер айымдын эмне байлыгы бар
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу менен алектенген "АКА минералз энд майнинг" ЖЧКсы MegaCom компаниясын сатып алууга кызыкдар экенин билдирген. 19-январда ушул эле компания Кыргызстандын Юстиция министрлигинен "АКА Инвест" деген аталыш менен кайрадан каттоодон өтүп, өзүнүн иш багытын "маалыматтык технология жана эсептөөчү техника тармагы" деп өзгөртүп койгон. Кен тармагынан заматта байланыш сферасына секирген ишкана коомчулуктун сынына кабылган.

"АКА Инвестти" кыргызстандык Касым Курбанов менен Германияда каттодон өткөн "АКА Петролеум" ишканасы түптөгөн. Бул ишкана буга чейин IT-тармагында бир да жолу иш алып барып көргөн эмес.

Адилет Бекбоевдин айтымында, "АКА Инвест" MegaCom компаниясынын презентациясынан жалпы маалымат алганы менен аларга коммерциялык ички чарба тууралуу толук маалымат бериле элек.

"Бул компания MegaCom операторун сатып алууга кызыкдарлыгын гана айткан. Бирок бул нерсе сатып алууга даяр дегенди билдирбейт. "Баланча сумма сунуштай алабыз" деп да ооз ачкан эмес", — деди Бекбоев.

Ал ошондой эле аталган компания "Альфа Телеком" тууралуу толук маалымат алгандан кийин гана өз баасын атай ала турганын кошумчалады.

Продажа MegaСom в КР - Sputnik Кыргызстан
Кен казуудан IT тармагына "секирген" инвестор. MegaCom операторун ким сатып алмакчы?
"Кайсы инвестор болбосун компания тууралуу маалыматы жок туруп айткан баага макул боло калбайт. Ошол себептен алар MegaCom компаниясы менен келишим түзүп анын негизинде презентация аркылуу компания менен таанышат. Анан өздөрүнчө иликтеп бүткөндөн кийин гана "ушул компанияны сатып алгыбыз келип жатат" деп бизге расмий түрдө кайрылышат. Учурда андай боло элек", — деди ал.

Бекбоев Мамлекеттик мүлк фонду "АКА Инвест" мурда IT-тармагында иштеп көргөнбү, эмне болгон компания, ишенсе болобу деген суроолорго жооп алуу үчүн Юстиция министрлигине кайрылып, бирок жооп ала электигин белгиледи.

"АКА Инвест" расмий кат менен бизге кайрылып калса, бул компаниянын таржымалы биздин атайын бөлүм тарабынан текшерилет. Күмөндүү жагдайлар болсо укук коргоо органдары менен биргеликте иликтенет. Бардыгы жайында болгондо гана MegaCom компаниясынын ички чарбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат", — деди Бекбоев.

Ал эми "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомунун маалымат кызматы "АКА Инвест" компаниясына презентация өтүлгөнүн тастыктады.

"Өткөн аптада аталган компаниянын өкүлдөрү биздин ишканага келишкен. Аларга MegaCom операторун тааныштырган презентация өтүлдү. Бирок компаниянын ички чарбасынын сырын ачкан маалыматтар берилген жок", — деп маалымат кызматынан ырасташты.

MegaСom уюлдук оператоунун сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясын сатып алууга эми швейцариялык компаниядан сунуш түштү
Алар ошондой эле презентацияга "АКА Инвест" компаниясынын өкүлдөрү менен кошо анын жетекчиси Касым Курбанов келгенин билдиришти.

Sputnik Кыргызстан маалымат агентти "Альфа Телеком" ЖЧКсынын 100 пайыз акциясын сатып алууга берилген сунуш бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде күчүндө экенин билүү максатында Касым Курбанов менен байланышты. Бирок ал бул боюнча азырынча эч кандай маалымат бере албастыгын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул арада MegaCom операторун сатып алууга швейцариялык компаниядан сунуш келип түштү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери ал эмне болгон компания экенин иликтөөгө жетишти. Кызыгы сунуш берген ALF Consulting SA ишканасынын жетекчиси бир нече ысымдуу экени аныкталды

Жаңылыктар түрмөгү
0