Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кайсы күндөрү кар жаайт? Бир жумага карата аба ырайы
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө —2…-7, Таласта —3…-8 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 0…5 градус жылуу болсо, Ысык-Көл облусунуда —3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунда сууктун күчү —7…-12 градуска жетет.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, —3…-5 градус суук болсо, Ошто 1…3 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0