Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кайсы күндөрү кар жаайт? Бир жумага карата аба ырайы
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…-5 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 0…5 градуска жылыйт. Ысык-Көл облусунда 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунда —7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 2 градус суук болсо, Ош шаарында 3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0