Элдин жарымы эч жерде катталган эмеспи? Бирдиктүү базадан өзүн таппагандар көбөйдү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРеализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом”
Реализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом” - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар өздөрүн бир жолу portal.tazakoom.kg сайты аркылуу электрондук бирдиктүү базадан текшерип коюну өтүндү

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Калаа тургундарынын көбү өздөрүн Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы түзүлгөн электрондук бирдиктүү базасынан таппай жатканын айтып нааразы болушууда.

Жаңы түзүлгөн электрондук бирдиктүү базадан өзүңдү кантип табууга болорун Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

Максим Марочкин жаңы биометрикалык паспорт ала албай убара. Каттоо кызматкерлери анын электрондук бирдиктүү базада жок экенин айтып, мындан улам ага жаңы паспорт берилбей турганын айтышкан.

"Кесиптештерим чогулуп биометрикалык паспорт алабыз дешкенинен мен да кошулгам. Бирок мени Каттоо кызматы бирдиктүү базада жок экенимди айтып, жаңы паспорт алуу үчүн жашап жаткан батирдин ээси менен келүүм керек экенин айтты", — деди Марочкин.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жогорудагы адамдын базага кирбей калгандыгынын себебин учурда жарандардын даректер киргизилген база текшерилип жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун эскизи - Sputnik Кыргызстан
Быйыл жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштайт. Документтин сүрөтү
"Бирдиктүү базага биометрикалык, эски паспортторуна карабай киргизилет. Бул адам жарандардын дарегинин базасына (АСБга) кирбей калса керек, башкача айтканда, алардын катталган жери базада жок. Азыр бардык адамдарга жаңы паспорт берүүдө жашаган жерин тактап жатабыз. Себеби мурда колго жазылганда паспорт алчулардын көбү, мисалы, студенттер, батирде жашагандар ошол батирдин же жашаган тууганынын үйүн эле көрсөтүп коюшчу. Бирок аны тактай келгенде айрымдары жок болуп да чыгууда. Мындан улам тастыктоо процесси жүрүп жатат", — деди Эржигитов.

Ал учурда базага кирүү үчүн толгон-токой документ деле талап кылынбай тургандыгын айтты.

"Эгер жаран батирде турса ошол үйдүн ээси же тууганы Каттоо кызматына келип "ооба, бул биздин үйдө турат, катталуусуна каршы эмесмин" деп болгону макулдугун бериш керек. Андан башка эч кандай документ талап кылынбайт", — деди ал.

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Михаил Рогожин 40 жылдан бери туруктуу бир даректе жашайт, паспортунун деле убактысы өткөн эмес, бирок кандайдыр бир жол менен ал да өзүн базадан таба албай койгон.

Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык паспорт менен бажы көзөмөлүнөн өтүүнүн жаңы технологиясы иштей баштады
"Мен унаа сатып алайын деп базадан өзүмдү тактоо керек болуп барсам "сиздин аты-жөнүңүз жарандардын дарегинин базасында түшпөй калыптыр" деди. Мен 1972-жылдан бери өзүмдүн үйүмдө катталып турсам, паспортумдун деле убактысы өтүп кетпесе кандайча даректер базасына кирбей калышым керек? Ошонун айынан унаа да сатып ала албай калдым", — деп кейиди.

Мамлекеттик каттоо кызматы негизи үйүнүн техникалык паспорту, тийиштүү документтери болсо дароо эле бирдиктүү да, жарандардын дарегинин базасына да түшүшү керектигин айтып, бул мекеменин катачылыгы экенин мойнуна алды. Мындан улам аталган кызмат жарандар түрдүү кырдаалга даяр болушу үчүн өздөрүн бир жолу portal.tazakoom.kg сайты аркылуу электрондук бирдиктүү жана жарандардын дарегинин базасынан текшерип коюну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0