БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Афина изилдөө борборунун кызматкерлери болжол менен 9000 жыл мурда жашаган кыздын келбетин чийип чыгышты. Бул тууралуу National Geographic жазды.
More on how this sort of reconstruction works in my article https://t.co/CahW2s3z4F
— Sarah Gibbens (@Sarah_Gibbens) 24 января 2018 г.
Авгинин баш сөөгү 1993-жылы борбордук Грециянын аймагынан табылган. Жүргүзүлгөн анализдердин натыйжасында кыз мезолит доорунун соңунда жашап өткөнү аныкталган.
Математикалык алгоритмдерди пайдалануу менен компьютердик томография аркылуу илимпоздор кыздын жүзүн чийип чыгышты. Андан кыздын бети-башы багжайган, жаактуу экенин, көзү менен терисинин өңү таш доорунда ошол аймакты байырлаган адамдардан анча айырмаланбаганын көрүүгө болот. Ал эми тишинен анын 18 жашта экени белгилүү болгон. Кыздын өлүмүнө эмне себеп болгонун тактоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.