Сулайманов: өкмөттөн келгендерди эркелетип жүрүп ушул күнгө келдик
Өкмөттөн келгендерди эркелетип жүрүп ушул күнгө келдик. Бул тууралуу Алтынбек Сулайманов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев баяндама жасап, депутаттардын айрым суроолоруна жооп бере албай калды.
"Борбордук трибуна ант берүү үчүн гана коюлган эмес. Мыйзам каралып жатканда тиешелүү адамдар трибунадан жооп берсин. Өкмөттөн келгендерди эркелетип жүрүп ушул күнгө келдик. Урматтуу Дастан Артисбекович, сизден суранабыз, мындан кийин келгендердин баары трибунадан сүйлөшсүн", — деди Сулайманов.
Эске сала кетсек, кызуу талкуудан кийин Юстиция министрлиги сунуштаган "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси четке кагылды.