00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев 40 жашта! Көп кырдуу талант тууралуу 7 факты

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваИнтервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү төкмө акын, КРдин Эл артисти, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин туулган күнү.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү акын тууралуу факты сунуштайт.

1. Аккан арыктан суу агат. Элмирбек Иманалиевдин чоң энеси кадимки Токтогулдун үзөңгүлөшү Эшмамбеттин кызы болгон. Андыктан улуу өнөр канында бар. 

2. Элмирбек төрт жашында тамга таанып, алгач эле окуган китеби "Манас" болгон. "Манасты" жаттап, кээде оюнан да чыгарып алып айтчу. 3-4-класста окуп жатканда ыр жазуу дымагы ойгонуп, классташ кыздарына сүйүү саптарын арнай баштаган.

Памятник певцу Чубаку Сатаеву в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Уулун жоготкон, дипломаттап акча чачкан Чубак Сатаев. Талант тууралуу 9 факты
3. Комуздун коштоосунда ырдаган өнөрүнүн тушоосу 6-классында кесилген. Таланты атактуу акын Тууганбай Абдиевге жагып, шаарга алып кеткен. 15 жашында "Ак таңдай-93" фестивалында баш байгени жеңип алган. Иманалиевдин төкмөлүк өнөрү тууралуу көпчүлүк "айтышка түшкөндө буйдалбай шар төгөт, сөзүнүн көркөмдүүлүгүнө, уйкаштыгына, обонуна өзгөчө көңүл бурат. Ар бир акын менен айтышканда ар башка обонго салып ырдайт. Мисалы, казак акындары менен айтышканда комуздун, домбуранын коштоосунда казак обондору менен сабалата төгөт. Ал сахнада өзүн эркин кармап, жадырап жайнап отуруп айтышат" деп сыпатташат.

4. Обончу, актер. Көпчүлүк сүйүп уккан бир канча муңдуу ырлардын да автору. "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Ак секет", "Булбулум", "Боздотпочу" аттуу эл арасында белгилүү ырларды жараткан. 2003-жылы Кыргыз улуттук Токтоболот Абдымомунов атындагы академиялык драма театрында коюлган "Токтогул" аттуу пьесанын башкы каарманы Токтогулдун ролун ойногон.

5. Алгачкы сүйүү, аруу махабат. Төкмө акын биринчи жубайы Гүлбү Ороскул кызы менен 1994-жылы таанышкан. Анда Элмирбек 15те, Гүлбүбү 16да болчу. Жигит филармонияда, кыз Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окучу. Бир жыл сүйлөшкөндөн кийин баш кошушкан. Ортодо эки кызды тарбиялап, 15 жыл бактылуу өмүр сүргөндөн кийин эки ача жолго түшкөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү төкмө акын, КРдин Эл артисти, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев
Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү төкмө акын, КРдин Эл артисти, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев

6. Жары Нурзаттын кесиби — медицина кызматкери. Андыктан чыгармачылыктан алыс адам. Элмирбек Иманалиевдин "экөөбүз ооруканадан таанышканбыз. Бир учурда ден соолугума байланыштуу тез-тез ооруканага жатууга туура келди. Ал менин жеке медайымым болуп, таанышып калдык" деп айтканы бар. Жубайлар үч баланын ата-энеси.

7. Учурда көзгө басар акындардын сап башында. Алган сыйлыктарын санап отурсак оголе көп. 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин Эл артисти наамына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0