Ишкер Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Тез жардам унаасын алып берди
Ишкер Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Тез жардам унаасын алып берди
Sputnik Кыргызстан
Мирлан Исагалиев буга чейин да меценаттык кылып, Балыкчыга гемодиализ борборун ачса, Талас ооруканасына да Тез жардам унаасын белек кылган. 13.01.2018, Sputnik Кыргызстан
Мирлан Исагалиев буга чейин да меценаттык кылып, Балыкчыга гемодиализ борборун ачса, Талас ооруканасына да Тез жардам унаасын белек кылган.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 13-январь күнү ишкер Мирлан Исагалиевдин колдоосу менен Тез жардам унаасына ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага керектүү медициналык жабдуулар орнотулган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Мурат Алиаскаров жеке ишкердин белеги бейтаптар, дегеле калк үчүн чоң жардам экенин айтты.