Instagram жылдызы Айжан Байзакова: 3-4 жылдан бери жигит жандай элекмин

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүФинал конкурса "Мисс Россия 2014" - "Мисс Великий Новгород"
Финал конкурса Мисс Россия 2014 - Мисс Великий Новгород - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Instagram баракчасынын чуулгандуу жылдызы Tengrinews.kz порталынын The Эфир долбоорунун коногу болду

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Казакстандын Instagram жылдызы Айжан Байзакова абактан чыккандан кийин алгачкы маегин Tengrinews.kz маалымат порталына берди. Ал балалыгы, бактысыз сүйүүсү, коомду ызы-чуу кылган кече жана абакта эмне менен алектенгени тууралуу кеп кылган.

Байзакова маек учурунда кичине чагында жаны тынбаган өспүрүм болгонун моюндап, мугалимдер менен тил табыша албаганын айткан. Ошондой эле балдар менен дос болууну тандаганын божураган. Андан сырткары, кандай эркектер жагарын да белгилеген.

"Мүнөзү менден дагы күчтүү эркектер жагат. Мени менен оор болот, түшүнүү да кыйын, мага аздар гана чыдайт. Ошондуктанбы, айтор, 3-4 жылдан бери жигит жандай элекмин", — деген ал.

Байзакова Instagram баракчасындагы жашоосу менен чыныгы жашоосу асман менен жердей экенин айтып, ошентсе да көңүл борборунда болууну дайыма каалай турганын билдирген.

"Мен жасаба деген нерсени атайын барып жасаган кишимин. Эгер адам жинденип жатса, андан энергия алам. Жалпысынан айтканда бул да жеңиш, бирок ал баары каалагандай болбошу мүмкүн. Мен мындай жол менен атактуу болгум келген эмес", — дейт блогер.

Обручальное кольцо - Sputnik Кыргызстан
Instagram жылдызы Айжан Байзакова коомчулукту ага күйөө издөөгө чакырды
Журналист ал чындап эле көкүрөгүн чоңойтуу боюнча операция жасатып, жасатпаганына кызыккан.

"Алгач эрдимди, андан кийин жаагымды жасаттым. Кийин көкүрөгүмдү 3,5 өлчөмгө чейин чоңойттум. Эми ич кийим кийбей деле коё алам", — деген Instagram жылдызы мунун баарын башкалардын көңүлүн бурдуруу үчүн жасатканын жашырган эмес.

Байзакова Zakova клубундагы чечинүү сынагы кокусунан эле уюштурулуп калганын айтты.

"Ал кечте көңүлүмдү көтөрөйүн деп бир аз ичкем. Алып баруучудан бий конкурсун өткөр деп сурандым. Ал жакшы түшүнбөй калган окшойт, чечинүү конкурсун уюштуруп салды. Кыздар чечинип баштады. Алар дырдай жылаңач болуп чечингенге чейин эскертүү бердик. Жыйынтыгында эки жеңүүчү аныкталды. Мен акчаны биринчи чечинген кызга бердим", — деди Байзакова.

Казакстандын Instagram жылдызы Айжан Байзакова үч күн камакта жатып эркиндикке чыкты - Sputnik Кыргызстан
Түнкү клубда адепсиз сынак өткөргөн Instagram жылдызы Байзакова абактан чыкты
Ал ошондой эле административдик мыйзам бузгандар кармала турчу абакта үч күндү кантип өткөргөнүн айтып берген.

"Үч сутка ичинде буга чейин бети ачыла элек тогуз китепти окуп чыктым. Эч ким уруп-согуп тепкилеген жок. Бардыгы ал жактан чыккандан кийин эс алып, туура жолдо жүрүп калат деп ойлошкон. Андай болсом, мен болбойм калам да", — деди Байзакова.

Маектин соңунда ал мындан ары бардыгын этияттык менен коомдун көңүлүн бурдурбай жасоого аракет кыларын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0