КР жарандыгын алгандар жана андан баш тарткандар. Президент Жарлыкка кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык болобуз дегендердин көбү Тажикстан менен Өзбекстандын мурунку жарандары жана этникалык кыргыздар

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жарандыгы 1210 адам кабыл алса, 629 киши андан чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 30-январында кол койгон.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
КР жарандыгына ээ болгон 1210 адамдын 1056сы — чоң кишилер болсо, 154ү — балдар. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандын мурунку жарандары жана тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткан 629 адамдын 477си — чоң кишилер болсо, 152си — балдар экени айтылууда.

Жарандык алган жана андан чыккандардын толук тизмеси президенттин сайтына жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0