Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүОткрытие сезона на горнолыжном курорте "Роза Хутор" в Сочи
Открытие сезона на горнолыжном курорте Роза Хутор в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгалак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 3-январь күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгалак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүйдө 2…7 градус жылуу болсо, Таласта 5…10 градус жылуу болору күтүлүп жатат. Ош, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 7…12 градуска чейин көтөрүлсө, Баткенде 7…12 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө абанын температурасы 1…6 градуска чейин жогоруласа, Нарында 5…10 градус суук болот.

Бишкек шаарында 3…5, ал эми Ош калаасында 9…11 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0