1-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники ПМ на площади "Ала-Тоо" в Бишкеке. Архивное фото
Сотрудники ПМ на площади Ала-Тоо в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 1-январда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 1…6, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7, Ысык-Көл облусунда 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылыса, Нарында —4…-9 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 6…7 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0