БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Чүй өрөөнү менен Ысык-Көлдө 0…5, Таласта 4 градус сууктан…1 градуска чейин жылуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7 градус жылуу болсо, Нарында —1…-6 градус суук болот.
Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп 5…6 градуска жылыйт.