БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында айыпталган кишиге ысык суу чачып жиберишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 29-октябрда шаардык ИИБдин убактылуу кармоо жайынын кызматкерлери кечки сейилдөө маалында №5 камеранын эшигин ачык калтырышкан. Ал жакта М.М. аттуу жаран кармалып турган.
"Ага №9 камерада отурган Т.Ж. жана Н.Э аттуу соттолгондор келип, ысык суу чачып жиберишкен. Жабырлануучунун денеси күйүп калган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери эшикти ачык таштап ички тартипти бузган", — деп айтылат маалыматта.
Сот-медициналык экспертиза М.М. аттуу жарандын жаракат алганын тастыктады.
Шаардык прокуратура милиция кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 316-берене ("Шалаакылык") боюнча кылмыш ишин козгогон.
Материалдар тергөө үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына берилди.
Тергөө амалдары жүрүүдө.