БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эл аралык Road FC турниринде атаандашын техникалык нокаут менен айбуйга келтирбей жеңди. Бул тууралуу аталган уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды.
Турнир бүгүн Кореянын борбору Сеулда өттү. Анда Рафаэль Физиев монголиялык атаандашы Нандин Ерденди беттештин биринчи раундуна ай-буга келтирбей утуп алган.
Спортто "Атаман" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 11 жашынан тарта тай боксу секциясына келип, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунан тарбиялана баштаган. Кийинчерээк КРдин Тай боксу федерациясына которулган. Тай боксунун IFMA версиясы боюнча Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.
Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматына ылайык ММA боюнча профессионалдуу 5 беттештин жеңүүчүсү.