"Манас" аэропорту ишин жандантты

© Sputnik / Азат АкаевМодернизация международного аэропорта "Манас"
Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен аба ырайыга байланыштуу аэробекеттин иши токтотулган

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту жума күнү, 22-декабрда саат 12.30да ишин жандантты. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Эртең менен коюу тумандан улам учактар Оштогу, Астанадагы жана Алматыдагы кошумча аэродромдорго конгон.

Бардык суроолор менен аэропортко төмөнкү +996 312 69-31-09 номур аркылуу кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0