БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Коюу тумандан улам, эл аралык "Манас" аэропортуна 4 учак коно албай койду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.
"8.30га карата "Аэрофлоттун" эки, Flydubai компаниясы менен "Эйр Манастын" бирден каттамы кармалып жатат. Алар Оштогу, Астанадагы жана Алматыдагы кошумча аэродромдорго конушту", — деп билдиришти аэропорттон.
Ал эми "Манастан" учуп кете турган каттамдар кармалган жок.