БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жума күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй, Таласта 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу болсо, Нарында 2…7 градус суук болот.
Бишкек шаары менен Ошто кар жаап 7…10 градуска чейин жылыйт.