Абдыгулов: биз доллар менен эмес, сом менен иш жүгүртүшүбүз керек
Биз доллар менен эмес, сом менен иш жүгүртүшүбүз керек. Бул туралуу Толкунбек Абдыгулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагалыгына жактырды.
"Буга чейин дедолларизация программасын ишке ашырган элек. Ошол нерсени улантышыбыз керек. Бул аракеттердин арты менен доллар менен берилген насыя, депозиттер түшө баштады. Биз акырындан сом менен ойлонгонду үйрөнүшүбүз керек", — деди Абдыгулов.
Ал жарандардын улуттук валютага болгон ишенимин арттыруу керектигин кошумчалады.