БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды.
Белгилей кетсек, аталган банктын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи болуп дайындалгандан бери анын орду бош калган.
Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты башкарып келген. 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, ал эми ноябрь айынан тарта вице-премьер-министр болгон.