Момбеков: адамдар китепти Facebook тармагына алмаштырып коюшту
Жарандар китепти Facebook тармагына алмаштырып коюшту. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жазуучуларга көңүл бурулбай жаткандыктан жакшы китептер чыкпай жатат.
"Жазуучуларды унутканыбыз тарыхты унутканыбыз менен барабар. Жазуучулар союзу отурган имараттын электр энергиясына, коммуналдык кызматка болгон карызы бар. Өкмөт башка тармактарга жардам берип жатат, ушул тармакка деле көңүл бөлсө жакшы болмок", — деди Момбеков.
Ал жарандар китептин ордуна социалдык тармактарды окуп калгандыгын кошумчалады.