Буга чейин окуучулар 1936-жылы жана 1985-жылы курулган эки авариялык корпуста билим алып келишкен.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Нарын районунун Орто-Саз айылында 100 орундуу орто мектептин жаны имараты колдонууга берилди. Мекеменин ачылыш аземине облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, район акими Түгөлбай Жанбоев жана айыл тургундары катышты.
Мектеп директору Алмаз Ботояровдун айтымында, мектеп "Жер-Үй" алтын кенинин эсебинен 42,5 миллион сомго курулган.
Мектеп директору Алмаз Ботояровдун айтымында, мектеп "Жер-Үй" алтын кенинин эсебинен 42,5 миллион сомго курулган. Бардык ыңгайлуу шарттары бар. Учурда спорт залдын ички жумуштары гана калды.
136 түтүн калкы бар чакан айылдын окуучулары буга чейин 1936чы жана 1985-жылы курулган Жолдон Саламатов атындагы мектептин эки авариялык корпусунда билим алып келишкен.