БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Эрлан Улукбеков эл аралык турнирде чемпиондук кур үчүн ат салышат. Бул тууралуу "Жаш күч" спорттук клубунун президенти жана башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев билдирди.
Беттеш 2018-жылдын 21-апрелинде Италиянын Милан шаарында өтөт. Анда Улукбеков WMMAF-PRO турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн жергиликтүү спортчу Леонардо Дамиан менен беттешет.
Эрлан Улукбеков "Жаш күч" спорт клубунун тарбиялануучусу. ММА боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөтүчү боюнча профессионалдуу беттеште жети жолу жеңип, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.