Бишкекте таңга маал үй күйүп, бир адам каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в двухэтажном здании на улице Бектенова в Бишкеке
Пожар в двухэтажном здании на улице Бектенова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде каза болгон адамдын тек жайы такталууда

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү таңга маал Бишкек шаарынын Библиотечная көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Өрт өчүрүү кызматына үйдүн күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 5.27де түшкөн. Жерине №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08.21де толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кырсыктын кесепетинен бир адам каза болгону айтылды. Учурда анын ким экени такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0