БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Биометрикалык паспорт 31-декабрга чейин гана бекер берилерин мамлекеттик каттоо кызматы эскертет.
Жыл аягына чейин жарандар 2004-жылкы (ID-карт) жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун жаңы биометрикалык паспортко белгиленген тартипте бекер алмаштыра алат. Эгер паспорт шашылыш түрдө керек болсо ага акча төлөнөт.
Белгилей кетсек, 2017-жылкы үлгүдөгү жаңы паспортту алуу үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу керек.