БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнованын бир тууган эжеси Г. Үсөнова жол кырсыктан каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Адам өмүрүн алган жол кырсыгы шаршемби күнү, 13-декабрда Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылына жакын трассада болгон.
Учурда окуянын чоо жайы иликтенип жатат.