БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиондук титулунун экс-талапкери Валентина Шевченко эң жеңил салмак боюнча биринчи беттешин бразилиялык Присцила Кечоейра менен өткөрөт.
Бул беттеш тууралуу бүгүн UFC уюму расмий жарыялады.
#InTheWorks
— Joe Devlin @ MMAFNL (@_MMAFNL) 9 декабря 2017 г.
Valentina Shevchenko [@BulletValentina] is rumoured to make her UFC Flyweight debut against unbeaten Brazilian “Pedrita” Cachoeira at #UFCBelem on 02/03 pic.twitter.com/R8zDCT3wDV
Эки мушкердин беттеши келерки жылдын 3-февралында UFC Fight Night 125 турниринин алкагында Белемеде (Бразилия) өтөт.
Шевченко буга чейин жеңил салмак категориясында (61 килограммга чейин) беттешип, үч жолу жеңип, эки жолу жеңилген. Ал чемпион Аманда Нуньеске жеңилгенден кийин эң жеңил салмакка (57 килограммга чейин) өтө турганын жарыялаган.