БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүйдө —4…+1, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көлдө +1…+6 градус жылуу болсо, Нарында —2…-7 градус суук болот.
Бишкек шаарын туман каптап, 2 градус суук болору айтылды. Ал эми Ошто күн ачык болуп, 1…3 градуска чейин жылыйт.