БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январдан ноябрь айына чейин орточо айлык акы 14 миң 868 сомду түзгөн. Бул 2016-жылга караганда 0,62 пайызга көп.
Экинчи орунда маалымат жана байланыш тармагында иштегендер турат. Алар бир айда орто эсеп менен 27 миң 514 сом табышат. Былтыр 16 миң 155 сом болчу.
Алдыңкы үчтүктү жылуулук, газ, буу энергокамсыздоо жаатында иштегендер толуктайт. Алар айына 26 миң 667 сом табат. Былтыр орточо айлык 24 миң 725 сомдон чыкчу.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бош орундарга болгон кулактандыруулар жарыяланган ири сайттардагы билдирүүлөрдү анализдеп, өлкөдөгү эң кирешелүү кесиптердин рейтингин түздү.
1. Программисттер — 25-136 миң сом.
2. Топ-менеджерлер (директор, жетекчилер) — 34-118 миң сом.
3. Кыймылсыз мүлк тармагындагы адистер — 17-100 миң сом.
4. Сатуу боюнча менеджерлер — 15-100 миң сом.
5. Башкы-ашпозчулар — 35-81 миң сом.
6. Бухгалтерлер — 18-75 миң сом.
7. Сатуу агенттери — 20-70 миң сом.
8. Кардарлар менен иштөө менеджерлер — 15-70 миң сом.
9. Маркетологдор — 20-68 миң сом.
10. Окутуучулар (консалтинг, жеке мектепте мугалим) — 15-40 миң сом.
Кыргызстандын эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр боюнча кадр агенттигинин директору Илгиз Эдил уулу өз пикирин билдирди.
"Жумуш берүүчүлөр бизге негизинен маркетологдорду, сатуу боюнча менеджерлерди жана программисттерди издеп кайрылышат. Учурда бул кесипке болгон талап күч. Эмгек рыногунда азыр кризис. Себеби ири компаниялардан тарта чакан ишканаларга чейин жумушчуларды кыскартып жатышат. Ошентсе да жакшы программисттер менен сатуу боюнча менеджерлер жумушсуз калбайт", — дейт ал.
"IT-компаниялар 2 миң доллардан жогорку маянаны сунушташат. Көпчүлүк учурда программисттер чет элдик компанияларда иштешет. Бул кесипке талап күч болгондуктан Бишкекте программисттерди окута турчу мектептер ачылууда. Окутуу баасы да кымбат", — деди эксперт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча жыл башынан бери орточо айлык акы бир топ жогорулаган. Транспорт ишмердиги тармагында 13,6 пайыз, кесиптик, илимий, техникалык жаатта иштегендердики 15 пайызга, мамлекеттик башкаруу менен коргонуу тармагындагылардыкы 4,2 пайызга көбөйгөн.