БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул тууралуу Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон.
Шадиевдин талапкерлигин 6-сентябрда Жогорку кеңештин депутаттары жактырып, колдогон.
Буга чейин Шадиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап жактырган болчу.