Шадиев Аскарбек Алимбаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Аскарбек Шадиев. Архив
Депутат Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1969-жылы 31-январда Баткен областына караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган.

Билими жогорку. 1988-жылы Гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаса, ал эми 1999-жылы ушул эле университеттен юристтик кесипке ээ болгон. 

Эмгек жолу. Аскербек Шадиев эмгек жолун 1993-жылы "Сфера" өндүрүш-коммерциялык фирмада башкы бухгалтердин орун басары болуп баштаган.

  • 1995-жылы "Азнур ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомдун коммерциялык директору болгон. Ошол эле жылы "Корпорация Датка" жоопкерчилиги чектелген коомдун вице-президенти кызматын ээлеп, ал жерде 5 жыл эмгектенген;
  • 2000-2002-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган, Жеке менчик, приватизация жана лицензия берүү комитетинин төрагасы болгон;
  • 2002-жылы каржы министринин орун басары кызматында иштеп, ошол эле жылы каржы министрлигинде киреше комитетин жетектеген;
  • 2003-2005-жылдары Баткен областынын губернатору болуп турган;
  • 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон;
  • 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болгон;
  • 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин КРнын энергетика министри кызматында иштеген;
  • 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин КРнын энергетика жана өнөр-жай министринин кызматын ээлеген;
  • 2015-жылдын октябрынан "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган;
  • 2017 — 2018 — КР биринчи вице-премьер-министр. Шадиев вице-премьерликтен кеткенден кийин Конституцияга ылайык депутаттык мандатын сактап калган;
  • 2018-жылы 2-ноябрда депутаттык мандатынан ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти. 

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0