Жээнбеков: кийинки жылы Балык, Чоюке, Сазан, Шапак манасчылардын мааракелери өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында өткөн Дүйнө Эпосторунyн III фестивалындагы манасчы
Бишкек шаарында өткөн Дүйнө Эпосторунyн III фестивалындагы манасчы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөзүнүн соңунда өлкө башчы Айкөл Манас көп улуттуу кыргыз элинин достугунун жана биримдигинин символу болуп жүрсүн деген тилегин айтты

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Келерки жылы Кумар уулу Балыктын, Багыш уулу Сазандын, Ырысменде уулу Шапактын жана Өмүр уулу Чоюке манасчылардын юбилейлик мааракелери чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Манас күнүнө карата жасаган кайрылуусунда айтылды.

Саякбай манасчы коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Самат Ибраевдин айылга каты. Манас ааламынын алдында аткарылган парз
Эскерте кетсек, бүгүн, 4-декабрда, улуттук филармонияда Манас күнү чоң салтанат менен белгиленди. 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген.

Президенттин кайрылуусунда "Манас" эпосу кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрүнүн туу чокусу, журттун сыймыгы экени айтылып, манасчылардын зор эмгегине токтолду.

"Нечен кылымдардын катаал элегинен өткөн элибиздин ыйык мурасын сактап, урпактарга жеткирүүдө манасчылар опол тоодой эмгек өтөгөн. Манасчыларыбыз кайталангыс өнөрү, Жараткан берген таланты менен тарыхыбызды жана бүгүнкү учурубузду бириктирген көпүрө болуп келишет", — деп айтылат кайрылууда.

Өлкө башчы "Манас" – байыркы элибиздин жашоо турмушунун, каада-салтынын, тарыхынын энциклопедиясы жана дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы экенин кошумчалады.

Башканы коюп Манасты айт! Бишкекте 7 күндүк Манас айтуу башталды - Sputnik Кыргызстан
7 күндүк Манас айтуунун толук версиясы
"Быйыл залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы ар кандай маанилүү иш-чаралардын коштоосунда ийгиликтүү өттү. Келерки жылы Кумар уулу Балыктын, Багыш уулу Сазандын, Ырысменде уулу Шапактын жана Өмүр уулу Чоюке манасчылардын юбилейлик мааракелери чоң салтанат менен белгиленет. "Манас" өңдүү маданий мурасыбызды окуп үйрөнүүгө, сактоого жана өнүктүрүүгө тиешелүү шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири. "Манас" эпосун эл арасына кеңири жайылтуу иштери белгилүү манасчылардын юбилейлерин белгилөө менен гана чектелбестен, ар дайым чыгармачылык менен улантыла бериши зарыл", — деди президент.

Сөзүнүн соңунда өлкө башчы Айкөл Манас көп улуттуу кыргыз элинин достугунун жана биримдигинин символу болуп жүрсүн деген тилегин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0