БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Акыркы беш жылдын ичинде "СПИД" республикалык борборуна шприц аркылуу ВИЧ жуктурган адамдар кайрыла элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
© скриншот с мессенджера WhatsAppСообщение, распространяемое в мессенджере WhatsApp
Сообщение, распространяемое в мессенджере WhatsApp
© скриншот с мессенджера WhatsApp
Социалдык тармак менен мессенджерлер аркылуу Бишкектин кинотеатрларында белгисиз адамдар ВИЧ инфекциясына кабылган бейтаптар колдонгон шприцтерди таштап кетип жатканы боюнча маалыматтар таркап жатат. Анда "Сиз СПИДди жуктурдуңуз" деген жазуусу бар экени айтылууда.
Саламаттык сактоо министрлиги мындай маалыматтарды четке кагуу менен бул боюнча арыздар чын эле түшкөнүн маалымдады. Бирок көрсөтүлгөн шприцтерди текшере келгенде инфекция аныкталбаганын кошумчалашты.