Президент Жээнбеков Фарид Ниязовду өзүнө кеңешчи кылып дайындады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган Фарид Ниязовдун архивдик сүрөтү
Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган Фарид Ниязовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ниязов соңку кезде КСДП партиясынын төрагаcынын биринчи орун басары болуп турган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовду кеңешчи кылып дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ниязов буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, кийин президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген. Ал эми соңку кезде КСДП партиясынын төрагаcынын биринчи орун басары болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0