БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чүй облустук ичики иштер башкы башкармалыгына Нурлан Сарчаев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Мурдагы башчы Канат Жумагазиев 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.
Маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүнө караганда, Сарчаев буга чейин Нарын облустук ИИБдин начальниги болгон.
Ошондой эле ага мамлекеттик "Даңк" медалы ыйгарылган.