БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык модель Айгерим Абдраимова Miss Tourism International 2017 сынагында өлкө намысын коргойт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына моделдик агенттиктердин биринин директору Алтынай Исманкулова билдирди.
Анын айтымында, быйылкы Miss Tourism International сынагы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтөт. 21-ноябрда башталган кароо-сынак 7-декабрга чейин уланмакчы.
"Былтыркы жылы сынакка Кыргызстандын атынан модель Чолпон Мамбетова катышкан. Бул жылы Asia International Supermodel Contest 2015 конкурсунда үчүнчү вице-мисс наамын алган Айгерим Абдраимова кетти", — деп айтты ал.
Miss Tourism International — 1994-жылдан бери Малайзиянын өкмөтү жана Туризм министрлигинин колдоосу менен өтүп келген эл аралык сынак. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнүн сулуулары катышат.