БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти президент Сооронбай Жээнбековду кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул боюнча билдирүү америкалык ведомствонун сайтында жарыяланды.
"Кошмо штаттар жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековду жана өнүгүүнүн демократиялык жолун тандаган кыргыз элин куттуктайт. Борбор Азия регионунда алгачкы жолу бийлик тынчтык жана демократия жолу менен өткөрүлүп берилгенине кубанычтабыз", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле билдирүүдө АКШ Кыргызстандын жаңы президенти менен "теңчилик, ишеним жана сый" принцибинде кызматташууга даяр экени кошумчалаган.