БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ош облусунда бир нече кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы болду деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык милициядан.
Кандуу окуя 26-ноябрда саат 17:00 дө Ош — Эркештам кан жолунун 54-чакырымында болгон. Бир туугандар Алай районун көздөй бара жаткан.
"Алар Lexus-470 автоунаасы менен кетип бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда айдоочу рулду башкара албай калган", — деп айтышты милициянын маалымат кызматынан.
Учурда иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды.