Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik.  Эртең, 27-ноябрь күнү жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарда кар түшөрү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Транспорт күтүп турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар жаап, жолдор тайгак болот! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Бишкек шаарында 3…5, Ош шаарында 4…9 градус жылуу болот.

Чүй жана Талас өрөөнүндө күндүзү 1…5 градус жылуу, түнкүсү 0 дөн —7 градуска чейин суук болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүн табы 4…9 градуска чейин жылыса, түнкүсүн –3дөн +2ге чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө күндүз 1…6 градуска чейин жылыса, түнкүсүн —3…-8 градус суук, Нарын облусунда күндүзү —2…3 градус болсо, термометр түнкүсүн  —9…-14тү көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0