БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
"Бишкек менен Ош шаарында күн ачык болуп, 18…20 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15…20, Ысык-Көлдө 8…13, Нарында 3…8 градус жылуу болот.