БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин жооптуу редактору Айида Батырбекованын үйүнө кирүүгө аракет кылган киши кармалды.
Батырбекованын айтымында, жекшемби күнү кечинде да белгисиз киши кайрадан үйгө кирүүгө аракет кылган. Эшикти ургулап, бирок милиция келгенге чейин из жашырып кеткен.
20-ноябрь күнү болжол менен саат 10.00дөрдө эркек киши кайра келип, эшикти ургулап жатканда аны коңшулар кармап калган. Батырбекова колго түшүрүлгөн киши үйдүн мурунку ээсинин баласы экенин божомолдоп жатат.
"Кошуналар кармагандан кийин деле эшикти тепкилегенин токтоткон жок. Үйдөн чыксам мени карап колун жаңсап бир нерселерди айтып жатты. Дудук экен. Милиция келип, аны алып кетти", — деди Батырбекова.
Ушу тапта ШИИБ окуянын чоо-жайын тактап жатат.