https://sputnik.kg/20171115/zhehehnbekovdun-agasy-ukrainanyn-ehlchiligine-sunushtalyp-zhatat-1036331031.html
Депутаттар Жээнбековдун агасын Украинага элчи кылуу сунушун колдошту
Депутаттар Жээнбековдун агасын Украинага элчи кылуу сунушун колдошту
Sputnik Кыргызстан
Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп иштеп келген 15.11.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-11-15T17:36+0600
2017-11-15T17:36+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101550/06/1015500686_0:169:3324:2048_1920x0_80_0_0_8e950f96e3cba93d508939f0918edc06.jpg
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101550/06/1015500686_65:0:3324:2048_1920x0_80_0_0_aa57b0d2aeb750e6e37b4d4eabef367f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, украина, жусупбек шарипов
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, украина, жусупбек шарипов
Депутаттар Жээнбековдун агасын Украинага элчи кылуу сунушун колдошту
17:36 15.11.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп иштеп келген
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Жусупбек Шариповдун талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев билдирди.
15 Жетинин айы 2017, 13:37
Шариповдун талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган. Мыйзам боюнча тийиштүү жарлыкка президент кол коюшу керек.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси 2015-жылдын 18-декабрынан бери дайындала элек болчу. Ага чейин бул кызматта Улукбек Чыналиев иштеген.
Эскерте кетсек, Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп иштеп келген. Андан тышкары Марокко, Иорданиядагы элчилик кызматын да аткарат. Бул кызматтарга 2015-жылы июнь айында дайындалган. Мурда ал Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышкан. Жаңыдан президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.