Атамбаев: эгемендүүлүк кереги жокторго учак берели, кетсин башка өлкөгө
Эгемендүүлүк керек эместерге учак берели, кетсин башка өлкөгө. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрүү улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кыргыздар эгемендүү болуу үчүн 1000 жыл күтүшкөн.
"Урматтуу кыргыз элим. Өзүбүздүн эгемендүү мамлекетибиз болот деп кыргыздар 1000 жылдан ашуун күткөн. Муну колдон алдырсак урпактарыбыз бизди эч качан кечирбейт. Эгемендүүлүк керек эмес дегендерге учак, автобуз, поезд берели, кетсин башка өлкөгө", — деди Атамбаев.
Ал эгемендик үчүн башы курман экендигин кошумчалады.