00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абысындарга арналган 6 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль кочевников в ущелье Чункурчак
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл арасында "абысын аңдышкан жоо" деп айтылганы менен алардын ортосундагы мамиле сый, бекем болгону жакшы. Антпесе үй-бүлөнүн, бир туугандардын ынтымагын алардын алакасы ыдыратып алышы мүмкүн.

Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната-кайненеге тиешелүү 12 "болбойт"
Sputnik Кыргызстан агенттиги абысындары арбын келиндер үчүн алардын ортосунда болбой турган нерселерди тизмектеди. Бул жаатта төрт абысыны менен 50 жылдай урушуп-талашпай сый мамилесин сактап келген кыргыз тилчи мугалим Жыпар Миңбаева тажрыйбасы менен бөлүштү.

Абысындар урушпайт. Абысын деле бара-бара бир туугандай болуп калат. Кандай кырдаал жаралбасын алар менен ортодогу сый мамилени сактап калган жакшы. Жаман, ачуу сөз адамдын жүрөгүндө так болуп калышы ыктымал. Анын үстүнө кайын журтта сизди жакшы түшүнгөн абысын гана болот. Андыктан көңүл калтырышпаңыз!

Бири-бирине сөз ташыбайт. Бир абысындын айтканын экинчисине айтып барбаганга аракет кылыңыз. "Уруш кайдан чыкты" болуп болор-болбос нерсенин айынан ортодогу мамилени бузуп албаңыз.

Күйөөлөрүн жамандабайт. Абысындар бири-бирине кайнагасын же кайнисин жамандап, анын кылык-жоругун айтууда абайлаш керек. Андай эле күйөөңөрдүн кылык-жоругу чектен ашып, ичиңерге батпай жатса абысынга эмес, курбуңар менен тең бөлүшкөнүңөр оң го.

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Атаандашпайт. Абысын менен атаандашпай, тескерисинче, алар менен кеңешип, акылдашып оокат кылган жакшы. Улуусунан кеңеш сурап, кичүүлөргө акыл айткан абысын сый-урматтын үстүндө болот.

Бири-биринин балдарына катуу айтпайт. Негизи эркек бир туугандар бири-биринин балдарын урушуп, ал тургай урса да эч нерсеси билинбейт. Ал эми алардын аялдары балдарын урмак түгүл, катуу сөз айтып койсо ата-энесине октой тиет. Анчалык балдары чектен ашып баратса, акырын гана жолдошуңузга же ата-энесине түшүндүрүп айтып коюңуз.

Касташпайт. Жеке эле абысын менен эмес, кайын журтта кайын сиңди, кайнеже, кайнене менен касташып, атаандашкандан алыс болуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0